• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чек ара кызматкери пара берүү учурунда кармалды

29 Аяк оона 2020 10:46 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын сентябрь айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшү кызматы жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК ККК кызматкерине берип жаткан учурунда КР Мамлекетик чек ара кызматынын «Кулунду» чек ара заставасынын башчысы 1992-жылы туулган капитан Ж.у.Н. кармалды.

Кармалган адам коңшу өлкөлөрдөн аткезчилик менен келген жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө бөгөт койбоо үчүн акча сунуштаган.

Бул факт боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча сотко чейинки иштер козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 232