• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Чек ара кызматы армиядагы зомбулукту айтып чыккан Асанакунованын кайрылуусуна жооп берди

7 Бирдин айы 2024 16:39 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Чек ара кызматы социалдык тармактарда №2028 аскер бөлүгүнүн санитардык нускоочусу кенже сержант Жылдыз Асанакунованын видео кайрылуусунда айтылган маалыматы боюнча буга чейин да Чек ара кызматынын жетекчилиги, ошондой эле көзөмөлдөө жана компетенттүү органдар тарабынан иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгүн маалымдады.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө кенже сержант Асанакунова “прапорщик” аскердик наамы ыйгарылышы менен дарыкана башчысы кызмат ордуна дайындалууга кызыктар болгондугу аныкталган. Бирок жагдайды эске алуу менен (“дарыкана башчысы” кызмат ордундагы аскер кызматчы ден соолугуна таасир тийгизиши мүмкүн болгон бийик тоолуу аймактарда жайгашкан аскер тарамдарга ар дайым чыгып туруусу шарт, ал эми Ж. Асанакунова өзү жалгыз жашы жете элек үч баланы тарбиялайт) Асанакунованы бул кызматка дайындоо мүмкүн эместиги анын өзүнө жеткирилген.

«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында №2028 аскер бөлүгүнө “өлүк малдын” эти жана башка сапатсыз азык-түлүктөр алынып келет деген маалымат тастыкталган эмес. 2028 аскер бөлүгүнө азык-түлүктөрдүн сатып алынышы боюнча маалымдасак, бардыгы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын чегинде сынактык соодалашуу (тендер) аркылуу сатып алынган. Сатып алынган азык-түлүк алынып келгенде комиссия курамы тарабынан сапаты жана жарактуу мөөнөтүү текшерилет. Иликтөөлөрдүн учурунда мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары менен маектешүүлөр жүрүп, денелери кароого алынып жана анонимдүү сурамжылоолор жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгында уставга туура келбеген мамилелер жана аскер кызматчылары алган жаракаттардын жашырылган фактылары болгондугу аныкталган эмес»,-деп жазылат маалыматта.

Объективдүү иликтөөлөр жүргүзүлүшү үчүн 2024-жылдын 3-февралында кенже сержант Жылдыз Асанакунова Чек ара кызматынын жетекчилиги менен маектешүүгө чакырылган. Учурда №2028 аскер бөлүгүндө кайрадан КР УКМК жана Аскердик прокуратура тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунова жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, аларга делген азык-түлүктүн сапаты тууралуу айтып, кайрылуу жасаган.

Количество просмотров: 285