• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал айтылды

4 Кулжа 2022 10:11 Бишкек Govori.TV

Чек ара кызматы 4- июнь, саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу экенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү. 

Эске салсак, 3-июнда кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашкан. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган. Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдонгон.

Саламаттык сактоо министрлиги курал колдонуу менен коштолгон чырда Кыргызстандын эки жоокери жарадар болгонун, бирөөсүнүн абалы өтө оор деп билдирди.

Окуядан киийн эки тарпа чек ара кызмат өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүүдө тараптар кошумча тартылган күчтөрдү жана каражаттарды чыгарып кетүүнү макулдашты.

Количество просмотров: 143