• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек ара кызматы: «Достук-унаа жол» көзөмөл жайы штаттык режимде иштеп жатат

24 Чын куран 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде жайгашкан «Достук-унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-апрель саат 20.30га карата көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын аймагынан Өзбекстанга кирүүгө 200гө жакын жарандын тыгыны байкалган.

«Бул көзөмөл өткөрүү жайында жарандардын (жүргүнчүлөрдүн) көбөйүшү циклдик (айрым убактарда кайталанып турган) мүнөзгө ээ жана дем алыш жана базар күндөрүндө (Кара-Суу базарында дүң соода күндөрү) катталган. «Достук-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайында жарандардын (жүргүнчүлөрдүн) тыгынын азайтуу максатында өздүк курам көбөйтүлүп, бардык паспорт көзөмөл кабиналары иштеп жатат. Көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу 10 миңден ашуун адам чек арадан өттү. Көзөмөл өткөрүү жайынын аймагында мыйзам бузуулар катталган жок»,-деп айтылат маалыматта.

Көзөмөл өткөрүү жайына кире беришиндеги тартипти укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздайт. Саат 21.30га карата жарандардын (жүргүнчүлөрдүн) тыгыны байкалган жок. Паспорттук текшерүүдөн өтүү үчүн кезекте турган бардык жарандар өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 143