• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чек ара кызматы: Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу талабын тажик аскерлери аткарбай жатышат

27 Үчтүн айы 2022 23:11 Бишкек Govori.TV

Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу талабын тажик аскер кызматкерлери аткарбай жатышат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы 2022-жылдын 27-январы болжол менен саат 17:50 чамасында Төрт-Көчө жерлигине тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаасына таш жүктөп келишкендигин маалымдайт. Тажик жарандары таштарды Баткен-Исфана авто жолуна түшүрүп жолду жабышкан. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөн.

«Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда: Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй минамет жана гранатомёттор менен ок чыгарышкан. Андан кийин эле тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координация болуп алардын бул чагымчылдык аракети мурдатан даярдык көрүшкөнү байкалды.
Ошону менен бирге тажик тарап эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди одоно түрдө бузганы байкалды. Тажик тарап минаметтер менен чек ара заставаларына жана электр линияларын көздөй ок атышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 657