1-майда саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Өткөн түнү эч кандай ок атышуу катталган жок.
«Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты.Ош — Исфана жолунун Жака-Өрүк тилкесиндеги жана Төрт-Көчө аймагындагы жол тазаланып, ачылды»,-деп айтылат маалыматта.
Чек арачылар мамлекеттик чек ара тилкесин кайтарууда.