• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

16 Жалган куран 2019 11:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.03.2019.Govori.TV.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, — деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 15-марттан тарта 16-март таңкы саат 06:00гө чейин чектеш аймакта жайгашкан чек арадага элдер топтошкон эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегаттары чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. КРнын вице-премьер министри Жеңиш Разаков, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын, ИИМдин жана райондук, облустук администрациясынын жетекчилери менен биргеликте Баткен облусунда жүрүшөт.

Учурда жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда.

Кыргыз-тажик чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантышууда. Жалпысынан чек арадагы абал туруктуу экендиги кабарланды.

Количество просмотров: 20