• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Чек ара кызматы: Тажик айдоочунун сабалганы такталган жок

21 Үчтүн айы 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуя тууралуу маалымат берди.

Маалым болгондой, 20-январда Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы айланма жол тилкесинин Бакай бөлүгүнөн Тажикстандын номери менен жүк ташыган унаа өткөн.

«Жүк ташуучу унаа “Ак-Сай” чек ара бекетинен Тажикистандын Хожа Аъло айылын көздөй катуу ылдамдыкта өтүп кеткен. Тажикистандын чек ара өкүлү Кыргызстандын чек ара өкүлүнө Кыргызстандын жарандары бул машиненин алдыңкы айнегин талкалаганын билдирген. Ошол эле учурда айдоочуга кол салды деген маалымат тастыкталган жок», деп айтылат маалыматта.

Учурда тараптар соңку окуяны териштирип-тактап жатат.

Теги:
Количество просмотров: 164