• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек ара кызматы: Тажик тарап макулдашууларды бузуп, кайрадан миномёттон ок чыгарган

17 Аяк оона 2022 9:45 Бишкек Govori.TV

КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 17-сентябры саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

Маалыматка ылайык, буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин тажик тарап Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган. Саат 8:55те аткылоо токтотулду.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдарынын өздүк курамы учурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 550