• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Чек ара кызматы Тажикстандын аймагында атылган ок боюнча маалымат таратты

24 Теке 2023 14:07 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-июлда Тажикстандын аймагында тажик тараптын «Плотина» чек ара постунда 2 жолу ок атылган. Ошол эле күнү Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, тажик тарап чек ара постунда жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу ок чыгарып алганы маалымдаган. Жараат алгандар болгон эмес. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Тараптар бардык көйгөйлүү тилкелерде чек араны кайтарууну уюштуруунун эрежелерин жана чыр-чатактуу жагдайларга алып келе турчу жалган маалыматтарды таратпоо тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын талкуулашты. УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара заставасынын башчысы ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык тармакка чыгарып салган»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

Теги:
Количество просмотров: 114