• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чек ара кызматы Токмокто «атышуу болгону» тууралуу кабарды төгүндөдү

26 Үчтүн айы 2019 22:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.01.2019.Govori.TV.

Мамлекеттик чек ара кызматы «Токмок автожол» өткөрүү пунктунда атышуу болгону тууралуу кабарды төгүнгө чыгарды.

«Чек арадан өтүп бараткан жарандардын ортосунда эч кандай атышуу болгон эмес», — деп кабарлады мекеменин басма сөз кызматы. Мурдараак ушундай эле билдирүүнү Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы да тараткан.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары 25-январда түнкү саат үч менен таңкы саат бештин ортосунда аталган өткөрүү пунктунда аткезчилер менен чыр-чатак чыгып, атышуу болгонун жазышкан.

Чек ара кызматы тараткан кабарга ылайык, 25-январда таңга жуук пунктка Кыргызстандын бир жараны кайрылып, эки адам аны кууп келатканын айтып, жардам сураган. Чек арачылар өткөрүү пунктунун аймагына чыгып, чатакташып жаткан эки адамды көрүшкөн. Алар көп өтпөй качып кетишкен.

Чек ара пунктунун аймагынан курал же ок-дарынын изи табылган эмес. Ал жерде жумуш кадимкидей уланып жатат, коопсуздук чаралары көңүл бурулган.

Количество просмотров: 42