• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары алмашты

22 Жетинин айы 202119:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги Бекташов Курсанбек Урбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен Маралбаев Марат Мелисбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин
Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги болуп дайындалды

Количество просмотров: 808