• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чек ара: Лейлектин Интернационал айылындагы абалды жергиликтүү тургун айтып берди

22 Аяк оона 2022 11:35 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын тургуну Абрахман Эшимбеков ал жашап келген айылдын азыркы абалы тууралуу айтып берди. Ал айылда талкаланбаган курулуш калбаганын айтып, тонолгон үйлөр өрттөлгөнүн белгилейт.

«Бул жерди толугу менен талкалашкан, күйгүзүшкөн. Ичиндеги оокаттарды алса алсын, а үйдү өрттөп эмне кылат. Бул жөн эле мыкаачылык да. Алганын алып бүтүп, өрттөп да кетишиптир. Айылда жабыркабаган жер калган жок, эч болбосо үйдүн айнегине ок тийген да. Окуялар башталганда бала-чакабызды алып жогорулап качтык. 2019-жылдан бери баарыбыз техника алып алдык, себеби техникабыз жок болсо кача албайт экенсиң», — деди тургун.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Количество просмотров: 142