• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Чек ара маселесине канткенде чекит коюлат? Депутаттын жообу

16 Аяк оона 2022 9:51 Бишкек Govori.TV

Баткендин мурдагы губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арадасындагы маселеге чекит коюлганча «убактылуу чек ара сызыгы» деген термин кабыл алуу зарыл экенин айтат.

«Чек ара маселесин мамлекеттик деңгээлге чыгарып чечүү үчүн узак мөөнөттүү саясат болушу абзел. Анда Тышкы иштер министрлиги эмне кылат? Чек ара кызматы кандай иш алып барат? Жергиликтүү бийлик кандай иштерди аткарат? Жогорку Кеңеш эмне иш кылат? Ушул өңдүү бир багытта иштей турган системалык мамиле керек. Болбосо чечилбейт. Чек ара маселеси көп жылдарды талап кылган нерсе. Чек арадагы эң татаал участоктордо 1991-жылкы келишимди негиз катары кармаш керек. 1991-жылы декабрда Минскиде, 1992-жылы мартта Алма-Атада келишим кабыл алынган. Ошол жерде “СССР бузулган учурдагы административдик чек аралар мамлекеттик чек ара болуп калсын” деп так жазылып турат. Чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо иши ушул келишимге негизделиши керектиги көрсөтүлгөн. Демек, азыр эң эле укуктук жактан толук документ ушул десек болот»,-деди ал.

Количество просмотров: 11764