• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек ара: Нарында шейит кеткен дагы бир аскер жерге берилди

18 Аяк оона 2022 13:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан шейит кеткен дагы бир аскер кызматкери, улук лейтенант Апсамат Жекшенбеков жерге берилди. Бул тууралуу «Кабар» жазды.

«Апсамат Жекшенбеков 16-сентябрда Маргун айылындагы жаңжалда ок тийип каза болгон. Ал 1998-жылдын 2-майында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. 2020-жылы Аскердик институтун бүтүргөн. Ушул жылдын октябрь айында өргүүгө чыгып, Баткенден келмек. Эки ай мурда эле улук лейтенант наамын алган болчу. Баткенди көзүмдүн карегиндей сактайм дечү», — деди Жекшенбековдун тууганы.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 36га жетти, дагы 134 киши жабыркады.

Количество просмотров: 506