• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чек ара: Республикалык бюджеттен 497 млн 60 миң сом бөлүндү

19 Аяк оона 2022 15:42 Бишкек Govori.TV

Баткен окуясына байланыштуу Финансы министрлиги республикалык бюджеттен 497 млн 60 миң сом бөлдү. Бул тууралуу КР финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, бул сумма жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүүгө, тамак-аш, дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоого багытталды.

“Каражат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана облустун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жөнөтүлүп, жогорудагы айтылган министрликтердин арыздарына ылайык каржыланды”, — деди чиновник.

Количество просмотров: 179