• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек ара: Саат 20:00гө карата жабыркагандар 59га жетти

16 Аяк оона 202221:17 Бишкек Govori.TV

16-сентябрь саат 20:00гө карата (ыкчам маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында медициналык уюмдарына жалпысынан 59 жабырлануучу жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Анын ичинен 3 жаран үйдөн дарылоого жөнөтүлдү. Жабырлануучулардын денесинин ар кайсы жерине снаряддын сыныктары тийген жана октон жарадар болушкан.

Жабыркагандардын ичинде 7си аял, 5 жаш бала бар.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасында — 26;

2. Лейлек райондук жалпы дарыгердик практика борборунда — 18;
3. Кулунду ЖДПБ — 3 жабырлануучу;
4. Улуттук госпиталда — 3 жабырлануучу;
5. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

Количество просмотров: 375