• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Чек ара: Снаряддын чачырандысы тийген 15 жаштагы кыз каза болду

16 Аяк оона 2022 18:16 Бишкек Govori.TV

Баткенде тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болгон. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өспүрүмдүн атасы Малик Маннанов маалыматына таянып жазышууда.

Маалыматтар боюнча, кыз Лейлек районундагы Достук айылынын «Достук» орто мектебинин 9-классынын окуучусу болгон. Айылдаштары менен чогуу Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун айылын көздөй качып бараткан учурда ага снаряддын сыныгы тийген.

Бул тууралуу тийиштүү органдар азырынча расмий маалымат бере элек.

Эске салсак, Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын оор согуштук техникалар менен кол салуусунда жабыркагандардын саны 42ге жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.

«19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18и Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунда, дагы 5 адам Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 210