• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек ара: Сооронбай Жээнбеков билдирүү жасады

30 Чын куран 2021 22:28 Бишкек Govori.TV

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

«Урматтуу мекендештерим!

Азыр баарыбыздын жүрөгүбүз Баткенибизде болуп жаткан окуялардан улам канталап турат. Кайтыш болгон мекендештерибиздин бейишин тилейбиз. Алардын жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жараат алган мекендештерибиз тезинен сакайып, айыгып кетсин.

Урматтуу мекендештерим, азыр чагымчылдыкка алдырбай, биримдикти баарынан жогору кое турган учур болуп турат. Эл кайгысынын арты менен өз атын чыгарчу мезгил эмес. Мамлекетибиздин жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын, күч органдарынын, Баткендеги мекендештерибиздин аракетин жапырт колдойлу! Ыйык Орозо айында ар бирибиз сабырдуу бололу. Чыр-чатакка эмне себеп болгонун иликтегенге убакыт болот. Азыр элди козутпайлы. Биздин жарандык негизги колдообуз — мына ушул.

Жараткан Кудай элибизге амандык, жерибизге тынчтык берсин!» — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 2870