• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Чек ара: «Төрткүл» чек ара тозотунун имараты күйүп жатат

29 Чын куран 202119:35 Бишкек Govori.TV

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Кара тилкесинде жайгашкан «Төрткүл” чек ара тозотунун имараты күйүп жатат, ал жерде эки өлкөнүн аскерлеринин атышуусу уланууда. Бул тууралуу 29-апрелде саат 18:50дө “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Суваналиев кыргыз тараптын мүмкүнчүлүгү жана күчү жетиштүү экенин билдирди.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

Количество просмотров: 458