• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кыргыз-тажик чек арасында унаага ок атылган окуянын чоо-жайы

22 Бештин айы 2021 17:09 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы Максат айылына жакын жерде бараткан автоунаага «ок атылды» делген маалымат боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирүү таратты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунда, Кыргызстандын жараны КамАЗ унаасын айдап бара жаткан. Ал жол кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин бойлой өтөт.

«Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон. Ошол учурда анын жанына үч тажик аскери келип, аны Тажикстандын аймагына өтүүнү талап кылышкан. Айдоочу тажик чек арачыларын унаасына отургузуп айдап бараткан. Айдоочу көңүл бурдуруу үчүн жолдо келе жаткан башка унаанын жолун тосуп, тажик аскерлери тарабынан кармалганын айтып, кыйкырганга үлгүргөн. Ал учурда тажик чек арачылары унаадан түшүп, айдоочу андан ары кеткен. Бирок тажик аскер кызматкерлери КамАЗга 3 жолу ок чыгарышкан. Айдоочу айнектин сыныктарынан майда жаракат алган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда Лейлек тилкеси боюнча Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү менен Тажикстандын Ганчин тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 549