• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек ара жаңжалы: 122 жаранга материалдык жардам көрсөтүлдү

27 Баш оона 2021 12:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жабыркаган 122 кишиге мамлекет тарабынан бир жолку берилген жардамдын суммасы 34, 52 млн сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен жакынын жоготкон 30 үй-бүлө жана 92 жабырлануучу бар.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, президент Садыр Жапаров 4-майда «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон. Анда Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан жарандарга шарт түзүп берүү максатында кол коюлган. Бүгүнкү күндө 122 жаранга мамлекет тарабынан бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Жабыркагандар каражатты каалаган аймактагы «РСК Банк» аркылуу алса болот.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Анда эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кийин ок атуулар башталган. Жаңжал «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлери курал колдонууга өтүшкөн. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, чек ара тилкесиндеги ок атуунун кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 189 адам жаракат алган. Мындан тышкары, ок атуу башталгандан бери чек ара аймагынан 40 миңден ашык кыргызстандыктар эвакуациялаган. Ошондой эле ок атууда жүздөгөн турак жай, чек ара тозоттору, мектеп жана бала бакчалар жараксыз абалга кептелген.

Количество просмотров: 166