• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арачы кызмат учурунда өзүн атып алган

23 Чын куран 202513:06 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда чек арачы кызмат учурунда өзүн атып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, окуя 14-апрель күнү «Ойронду» чек ара заставасында болгон.

«Кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер Б.А. кызматтык куралдан кокусунан атып алып, ок сол бутунун согончогуна тийген. Абалы азыр канааттандырарлык деп бааланууда. Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы териштирүү баштап, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 293