• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек арачылар аткезчилик товарларды кармады

3 Жалган куран 2021 12:01 Бишкек Govori.TV

Лейлек жана Айдаркен чек арачылары 2021-жылы 2-мартта мамлекеттик чек арадан аткезчилик жүктү өткөрүүгө бөгөт койду.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылында чек арачылар КР жараны 1970-жылы туулган Т.А.нын башкаруусунда Мерседес-Бенц-Спринтер унаасын токтотушкан.

Унааны тинтүү учурунда уруксат документи жок аткезчилик жол менен алынып келе жаткан 2 тонна мандарин табылган.

Кыргызстандык жаран Тажикстандан КР аймагына өткөрүү пунктунан тышкары мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган.

Ошол эле күнү чек арачылар Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пылдырак жергесинен КР жараны 1980-жылы туулган Э.Б.нын айдап бара жаткан Hyundai-Porter унаасын токтотушкан, ал мыйзамсыз жол менен өткөрүү бекетинен тышкары Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына 9 миң 600 даана лампочка алып өтүүгө аракет кылган.

Болжолдуу түрдө кармалган аткезчилик товардын баасы 340 миң сомду түзөт.

Керектүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана жүктөр андан ары териштирүү максатында тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 90