• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү

30 Тогуздун айы 2020 13:19 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара тилкелерин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, күчөтүлгөн режим президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2020-жылдын 29-октябрында саат 20.00дөн тарта башталды.

Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен ыкчам маалымат алмашуу маселелери боюнча өз ара аракеттерди жана мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чараларын күчөтөт.

«Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагы боюнча ыкчам-талаа иш сапарына чыгып, КР МЧКнын өздүк курамына 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында учурда кырдаал туруктуу экени кошумчаланды.

Теги:
Количество просмотров: 94