• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Чек арада абал курч бойдон калууда

16 Аяк оона 2022 10:20 Бишкек Govori.TV

Саат 09:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Бел-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда. Жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат.

УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт.

«Тажик тарап БТР, БМП жана минометторду колдонууда. Кыргызстандын чек арачылары тажик тараптын куралдуу агрессиясына жооп кылып, ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн колдо болгон бардык техникаларды жана куралдарды колдонуу менен адекваттуу чараларды көрүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 284