• Шаршемби 28 Аяк оона 2022
  • Среда 28 Сентябрь 2022

Чек арада чептей туруп курман болгон Агадил Канатбековдун сөөгү жерге берилди

19 сентября 2022 в 10:53 Бишкек Govori.TV

Мекенин коргоо үчүн жан үрөп, Баткен облусунда курман болгон Агадил Канатбековдун сөөгү туулуп өскөн айылында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү, бир туугандары, айылдаштары катышып, эрдигин эскеришти.

Прапорщик Канатбеков Агадил Канатбекович Кыргыз Республикасынын чек арасын басып кирген душмандан коргоп жатып баатырларча курман болгон.

Канатбеков Агадил Канатбекович 1999-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айлында туулган. Тосор айлындагы Тосор орто мектебинде 9-классты ийгиликтүү аяктап, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин алдындагы колледжде “Унаадагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу” адистиги боюнча билим алган.

2018-жылдын 30-октябырында Жети-Өгүз райондук аскер комиссариаты тарабынан мөөнөттүү аскер кызматына, Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу Департаментине чакырылган. 2019-жылы аскердик кызматын ийгиликтүү өтөп келген.

2022-жылдын март айында Баткен облусунда жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2053 аскер бөлүгүнө контракттык негизде аскердик кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн.

Үй бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү болгон.

Количество просмотров: 929

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда