• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек арада калган мигранттарды кайтаруу үчүн кыргызстандыктар Назарбаевге кайрылуу жасашууда

16 Бугу 2020 0:00 Бишкек Govori.TV

Оренбургдагы орус-казак чек арасында кармалып турган мекендештерди өлкөгө кайтаруу үчүн кыргызстандыктар Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жасашууда.

https://www.facebook.com/100007337918529/posts/2541212639466642/

Ушул эле маселе менен саясатчы Адахан Мадумаров Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаевге кезектеги кайрылуусу менен чыккан.

Мындан көп узабай, социалдык тармактарда Адахан Мадумаров Назарбаевдин орун басары менен сүйлөштү, чек ара ачылаары күтүлүүдө деген маалыматтар жарыяланган. Бирок Назарбаевдин администрациясы аталган маалыматты тастыктаган эмес.

Белгилей кетсек, Орусиянын Оренбург облусунун Казакстан менен чектеш Соль-Илецк шаарына 100дөн ашык кыргызстандык келип, өтө албай калды. Казакстан коронавируска байланыштуу чек араларын жапты. Алар автоунаа аркылуу Орусиянын ар тарабынан келе жаткандар. Кечээ, 14-майда катуу жаан жаап, алар ээн талаада калгандыгын айтып, бийликке кайрылуу жолдошкон болчу.

Количество просмотров: 216