• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чек арада каза болгон Мурзаевдин карындашы: Агамдын артында кичинекей кызы калды

18 Аяк оона 202214:24 Бишкек Govori.TV

Чек арадагы куралдуу атышууда 27 жаштагы Мурзаев Илимбек Манасович каза болду. Бул тууралуу Govori.TVга маркумдун жакындары билдирди.

Маалым болгондой, Илимбек Мурзаев 1995-жылы туулган. Баткендин тургуну.

«Үй-бүлөсү бар, артында кичинекей кызы калды. Сөөгүн жерге бердик. Аскер кызматкери болуп иштеп жатканына 5 жыл болгон», — деди бир тууган карындашы.

Белгилей кетсек, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт болгондордун саны 36га жетип, 134 адам жаракат алды.

Количество просмотров: 6284