Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт кеткендердин саны 36 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Баткен облусунан алынган ыкчам маалымат боюнча, саат 10.00дө Баткен шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына дагы 12 каза болгон адамдын сөөгү келип түшкөн. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 36 адамды түзөт.
Саламаттыкты сактоо уюмдарына түшкөн жабырлануучулардын саны 129, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.