• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Индияда асма көпүрө кыйрап, 60тан ашуун киши каза болду

31 Тогуздун айы 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Индиянын батышындагы Морви шаарындагы жүргүнчүлөр өткөн көпүрө кыйрап, бери дегенде эле 60 киши каза болду. Мачху дарыясы аркылуу өткөн асма көпүрө 19 кылымдын аягында курулуп, былтыр ремонттон кийин кайра ачылган.

Ар кыл маалыматтар боюнча катастрофа учурунда андан 150дөн 400гө чейин киши өтүп бараткан.

Кырсык жекшемби, 30-октябрь күнү кечинде болгон. Көпүрө туристтик аттракцион катары белгилүү. Окуя болгон жерде куткаруучулар, аскер кызматкерлери, индия армиясы, авиация жана флот иштеп жатат.

Көпүрө андагы кишилердин салмагын көтөрө албай калганы айтылууда. ANI агенттиги өлгөндөрдүн көбү аялдар, балдар жана улгайган кишилер экенин билдирди.

Количество просмотров: 46