• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чек арада курман болгон чек арачынын жубайы көз жарды

20 Аяк оона 202211:11 Бишкек Govori.TV

Курман болгон чек арачынын жубайы көз жарып, кызын жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу ЖМКларга маркумдун агасы билдирди.

Прапорщик Нургазы Боркошов 16-сентябрда Кара-Бак заставасында тажик куралдуу күчтөрү менен болгон салгылашууда баатырларча курман болгон.

“Инимдин артында эки уул, эки кызы калды. Анын жубайы 17-сентябрда көз жарып, кызын жарык дүйнөгө алып келди. Ал кызына Мээрим деген ат да тандап кетиптир. Мээрим Жуманазаровадай балбан кыз болсун деп”, — деп билдирген агасы.

Нургазы Боркошов 1987-жылы Баткен шаарында туулган.

Количество просмотров: 342