• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арада ок атуу токтой элек

28 Үчтүн айы 20220:44 Бишкек Govori.TV

Кагылышуу орун алган кыргыз-тажик чек арасында ок атуулар токтой элек. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-январь саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу 10 мүнөткө токтогон убакта Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу пландаштырылган.

«2022-жылдын 28-январы саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 118