Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокер Балыкчиев Амангелди бүгүн, 19-сентябрда кичи мекени Бообек айылында жерге берилет. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Амангелди Балыкчиевди акыркы сапарга узатуу зыянаты 19-сентябрь күнү саат 10.00 дө Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн Бообек айылында өтөт.
Балыкчиев Амангелди Калетович 2002-жылы 28-августа Чүй облусуна карашуу Кемин районунун Бообек айылында төрөлгөн. 20 жаштагы Амангелди Баткен облусунда чек ара кызматын ак ниет менен өтөп жаткан. Ал 2022-жылдын 16-сентябрындагы чек арада болгон кырдаалдан курман болду.
Амангелди үч бир туугандын ортончусу болгон.