• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Чек арада тынч эмес. Тажик тарап курулуш иштерин баштады

14 Аяк оона 2019 19:55 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда Кыргызстан менен чектеш аймактардын эки жерине курулуш ишин баштоо аракети жүрүп жатканы кабарланууда. Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы такталбаган тилкеге тажиктер таш төгүп пост салууну баштаптыр.

https://youtu.be/JZQJWA9yRKk

Биринчиси — Лейлек районундагы Максат айылы менен Тажикстандын Овчу-Калача айылынын чектешкен жеринде, экинчиси Баткен районуна чектеш аймакта экенин тургундар «Азаттыктын» кабарчысына айтышты.

Лейлектеги чек ара аймагында курулуш жүрүп жатканы, Баткен районуна жакын жерге шагыл төгүлүп, тактайларды алып келишкени маалымдалды.

Лейлек жана Баткен райондорунун акимдери коңшулар менен тактоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.

31-август күнү ушул аймакка жакын Арка айылында Кыргызстандын жараны өз үйүнө коргон куруп жатканда, тажикстандыктар каршылык көрсөткөн.

Количество просмотров: 437