• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек арада жабыркагандар үчүн 150гө жакын адам кан тапшырды

30 Чын куран 2021 16:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-апрелде Республикалык кан борборунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар үчүн 150гө жакын адам кан тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын жана анын компоненттеринин жетиштүү көлөмү бар.

“Антсе да, жабыр тарткан мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар кан борборлоруна барып тапшырса болоорун эске салабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Жаракат алган кыргызстандыктар үчүн кан тапшырууну каалагандар төмөнкү дарекке кайрыла алышат:

Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси, 60. Республикалык кан борбору.

Иштөө тартиби: дүйшөмбү-жума 8:00 – 14:00гө чейин, ишемби күнү 8:00 – 11:00гө чейин.

Кан тапшыруу үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети менен баруу керек.

Кан тапшыраардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керек. Облустардагы бардык Кан борборлору да ушул эле тартипте иштейт.

Количество просмотров: 76