Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасында жараат алган 6 бала Баткенден Бишкекке жеткирилгенин кабарлады.
Мекеменин билдиришинче, алар октон жана жарылуудан жаракат алышкан. Балдар шаардагы Эне-баланы коргоо улуттук борборуна жаткырылды.
“Жабыркаган балдардын абалы туруктуу. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, — деп кошумчалашты ведомстводон.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-сентябры саат 23:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 87 кыргызстандык жабыркады, алардын бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.