• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

“Чек арада жашагандан корком” деген Адил президент Жапаров менен жолугушту

10 Бугу 202114:14 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров чек ара маселесин айтып видеокайрылуу кылган 12 жаштагы Адил менен жолугушту. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич аны жылуу тосуп алып, Адилди аталык кылып кучактап, бир катар суроолорду берди. Ал Адилдин атасынын маселеси жакын арада КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккандыгын айтып, жакынкы аралыкта түп-тамырынан бери чечип берүүнү убада кылды.
Мен жаш баткендиктин «футбол интернатында окусам» деген эңсеген кыялы жөнүндө айтып бердим.
Садыр Нургожоевич жардамчысына кыялды чындыкка айлантууну тапшырды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти Адилге уюлдук телефон, планшет, футболдук топту белек кылып, аягында ийгилик каалады», — деп жзган ал.

Март айынын башында кыргыз-тажик чек арасында жашоодон корко турганын айтып, бул маселени чечип берүүнү суранып президентке интернет аркылуу кайрылган.

Ал эки-үч күн мурда маалымат каражаттарына маек куруп чек арадагы жаңжал, атасы Орусияда абакта жатканы жана чек арадагы жашоо тууралуу айтып берген эле.

Количество просмотров: 212