• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек арадагы акыркы абал айтылды

14 Аяк оона 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал саат 11:30га карата салыштырмалуу курч бойдон калууда. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, чыр-чатак орун алган жерде КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы X. Пиракзоданын жолугушуусу өтүп жатат.

«Ок атпоо боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй маал-маалы менен ок атып жатат. Саат 11:30га карата КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин арасында жабыркагандар жана жаракат алгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотуу жана чек ара чатагынын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн кайрадан кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды.

КР УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, — деп айтылат маалыматта.

Ал ортодо Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Количество просмотров: 120