Бүгүн, 10-мартта Паскы-Арык жергесинде Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусу боюнча өкүлдөрүнүн ортосунда суйлөшүүлөр болду.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй макулдашуулар жетишилди:
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аскер кызматкерлеринин жүрүм-турум линиясын сактоосу боюнча маселелер да каралды.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү окуя болгон жерге тартылган күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына кайтарууну макулдашты.
Саат 16:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.