• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Чек арадагы атышуу токтоду. Жабыркагандар бар

3 Кулжа 2022 15:06 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу орун алып анда эки тараптан тең жарадар болгондор бар. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы тастыктады.

«2022-жылдын 3-июнунда саат 14:15те атышуу аяктап, эки тараптан тең жарадар болгон. Ок атышуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын 1 аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барышууда. Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүшүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик тараптын аскердик оор техниканы чек ара сызыгына алып өткөнүн кабарлаган.

Количество просмотров: 1069