• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

3 Кулжа 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июнда Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде КР чек арачылары тарабынан Тажикстан Республикасынын чек арачылары мыйзамсыз түрдө шарттуу чек ара сызыгынан өтүп, Кыргызстандын аймагына киргенин аныкталган.

Чек арачылардын КР аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарын этибарга албай, тажик чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.

«Эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномётторду колдонгон. Кырдаалды турукташтыруу максатында КР Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник К.Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири полковник Р.Миршакиров окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Чек ара кызматтарынын бүгүн болгон телефондук сүйлөшүүлөрүнө жана ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан, тажик тарап ок атууну токтотпой жатат. Саат 13:00гө карата атышуу уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 1848