Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон атышууда жабыркаган Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери бүгүн, 4-июнда Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар тиешелүү медициналык жардам алуу үчүн мекемелерге жөнөтүлүп, дарылануусун улантат.
Ведомстводон белгилешкендей, КР УКМКнын Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерине бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү маселеси УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек, буга чейин КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашканын билдирген. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.