• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чек арадагы чыр. Боронов Баткенге барды

1 Кулжа 2020 9:28 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Биринчи вице-премьер-министр кыргыз-өзбек чек арасына чектеш аймакта чыккан окуя боюнча Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушат. Ошондой эле Кубатбек Боронов укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусундагы ыкчам кеңешме өткөрөт.

Учурда абал жөнгө салынды. Кыргызстандын өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү. Тиешелүү органдар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 31-майда саат 12:30 чамасында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбек Республикасынын Фергана облусуна караштуу Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Эки тарап Чечме айылындагы булакты биргеликте тазалап жатканда «бул булак бизге таандык» деп сөз талашып, чырдаша кетишкен. Жаңжалдан кийин Айдаркен шаарындагы жалпы дарыгерлер борборуна 15 адам кайрылган.

Количество просмотров: 114