• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арадагы чыр: Жабыркагандардын саны 84кө жетти

30 Чын куран 20211:26 Бишкек Govori.TV

Саат 24:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын жалпы саны 84 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңжалда жалпы 3 адам каза болду.

«Эки учур Баткен облустук ооруканасында, бир өлүм учуру Баткен облусунун Лейлек районунда – 2008-жылы туулган кыз ооруканага жетпей жолдо каза болду»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 212