• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Чек арадагы чырда 7 тажикстандык жаракат алганы айтылды

29 Чын куран 2021 12:57 Бишкек Govori.TV

Чек арадагы жаңжал учурунда Тажикстандын Исфара районунун Ходжаи Аъло айылынын жети тургуну жаракат алды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына таянып м жазды.

Коңшу Тажикстандын маалыматы боюнча, жаңжал «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунда 28-апрель күнү, саат 16:00дө башталган. Чек аралаш айылдагы тургундардын ортосунда жаңжал учурунда жети жаранына таш тийип, ар кандай жаракат алганы маалымдалат.

«Суу жабдуулары кыргыз айылдарынан алыс жайгашканына карабай коңшу өлкөнүн бийлиги алыскы райондордон жарандарды алып келип, улуттар аралык кагылышууга себеп болууда», — деп билдирген Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы.

Эске салсак, 28-апрелде чек арадагы «Головное» суу бөлүштүрүүчү жайынын тилкесинде жаңжал чыккан. Ок атылып, таш ыргытылган. Жараат алган төрт кыргызстандыктын үчөө ооруканада, алардын биринин абалы оор.

Количество просмотров: 93