Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун жалпы саны 31ге жетти, жараат алгандар 154 болду. Бул тууралуу 30-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин 25 бейтап атайын учак менен Бишкекке жеткирилип, Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.