• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Чек арадагы кагылышты токтотуу, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүү макулдашууга кол коюлду

30 Чын куран 2021 4:02 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Исфара шаарында эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүү жасашты. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Эки тарап макулдашкан документке Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кол койду.

Документте тажик жана кыргыз өкмөттөрүнүн демилгеси менен чек аралаш аймактардагы куралдуу жаңжалды жөндөө максатында түзүлгөн комиссия кагылышты токтотуу, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүү, чыңалууну мындан ары курчутпоо үчүн чараларды көрүү жана биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашканы белгиленген.

Количество просмотров: 97