9-январда Govori.TVнын «Майдан» көрсөтүүсүндө кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерлер тууралуу талаштуу ойлор жаралды.
Анда катышуучулардын бири жарандык активист Талант Мамытов буга чейин сөз болгон тажик тарап «Лейлек» деген жазуусу илинген чектен ашып, кирип кеткени тууралуу маселе көтөрүп чыкты.
Ага жооп берүүгө аракет жасаган Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев ал жер такталбаган аймак экенин билдирди.
Мындан улам катышуучуларда такталбаган жерге тажик тараптын кирип кетишинин негиздүүлүгү тууралуу суроо жаралды.