• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Чек арадагы жаңжал тууралуу Тажик тарап өздөрүнүн версиясын билдиришти

14 Жалган куран 2019 13:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

Тажикстандын УКМКнын Башкы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өздөрүнүн версиясын жарыялады.

Маалыматка караганда, 13-мартта Кыргызстан тарап өкмөттөр аралык протоколду бузуп, Ворух анклавынын аймагында Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушун баштаган. Буга Ворух аймагында тургундар каршылык көрсөтүп чыгышкан. Ага жооп катары кыргыз тараптан аларга карата ок атылган.

«Ошондой эле Кыргызстандын укук коргоо органдары Тажикстандын жарандарынын унааларынын каттамын токтотуп, Исфара—Ворух жолун тороп алышкан. Мындан тышкары кыргыз чек арачылары «Оксой» (кыргызча Ак-Сай) чек ара отрядынын аймагында «Газель» үлгүсүндөгү 2 унаада келе жаткан тажикстандык 30 жаранды барымта катары кармап алышкан», — деп айтылат маалыматта.

«Кыргызстандын 50-60 жараны Ворухтун тургундарына таш ыргытышты. Анын кесепетинен Тажикстандын 11 жараны ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын чек арачыларынын билдиргенине караганда, Чоркух аймагынын Ходжа Ало кыштагынын аймагында Кыргызстандын жарандары тарабынан аңчылык куралы колдонулуп, анын кесепетинен Тажикстандын Чоркух аймагынын 1976-жылы туулган тургуну Хусейн Хакимов жүрөк тушунан жаракат алып, ооруканада каза болгон. Ошондой эле, милициянын аймактык улук лейтенанты Авеззода Саидшариф санынан, 1973-жылы туулган жаран Атамов Максаджон баш жагынан жана 1973-жылы туулган жаран Аюбов Рахим бутунан жаракат алган.

Муминабаддын Чоркух аймагынын 1984-жылы туулган жашоочусу Сохибов Рахмониддин таштан жаракат алган. Мындан тышкары Кыргызстандын жарандары Тажикстандын Ходжа Ало айылынын жашоочусу Муллоджонов Абдумаджиддин кампасын жана Чоркухтун Сомониён аймагындагы тегирменин өрттөп салышкан.

Учурда Ворух-Оксой чек арасында абал туруктуу жана кырдаал эки өлкөнүн чек арачыларынын көзөмөлүндө турат деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, тажик чек арачыларынын маалыматында: «Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Исфара шаарынын Заравшан тилкесинде Тажикстандын Согди облусунун төрагасынын орун басары Баховаддин Баходурзода менен Кыргызстандын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп айтылат.

Эскерте кетсек Кыргызстандык чек арачылардын маалыматы боюнча, саат 10:00гө карата Таш-Тумшук айылында кыргызстандык жарандардын 1 үйү, «Ауди» үлгүсүндөгү унаасы жана «КамАЗ» жүк ташуучу унаасынын чиркегичи өрттөнгөн. Төрт-Көчө аймагындагы жолду тоскон тажикстандыктар өрт өчүрүүгө бара жаткан унааны өткөрбөй коюшкан.

Кечээ, 13-марттагы жаңжал учурунда Тажикстандын жарандары Баткен районунун Орто-Боз айылынын тургунунун сарайын өрттөп жиберишкен. Ошондой эле кыргызстандык жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор бойдон калууда.

Количество просмотров: 2